Журналисттик иликтөөлөр менен алектенген журналисттер, медиа тармагында иш алып барган уюмдар, фрилансерлер, жарандык активисттер, блоггерлер, студенттер жана дагы башка кызыкдар адамдар Журналисттик иликтөөлөр фондунан чакан грант алууга өтүнмө бере алышат.
Гранттардын максаты – Кыргызстанда иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзгөндөргө каржылык, адистик жардам көрсөтүү.
Гранттын өлчөмү – 70000 сом. Анын эсебинен транспорттук чыгымдар, жабдыктардын ижарасы, документтерди чогултуудагы чыгымдар, ж.б.д.у.с. жабылат. Суралган каражаттын жарымы өтүнмө канааттандырылганда төлөнөт, калганы – иликтөө аяктаганда.
Сынакка өтүнмөлөр кыргыз же орус тилинде кабыл алынат. Анда иликтөөнүн темасы, иликтөө жүргүзүүнүн жолдору көрсөтүлүп, долбоордун бюджети берилиши керек. Иликтөөлөр ар башка форматта болушу мүмкүн (ТВ, радио, он-лайн, басма).
Өтүнмөлөр 2018-жылдын 25-ноябрына чейин grant@jif.kg дарегине жиберилиши керек.
Саламатсыздарбы толук кандуу тушундуруп берип коё аласыздарбы конкурстун шартары боюнча?
Суроолоруңар бар болсо бул дарекке жазыңыз же чалыызз: jif@jif.kg,
+996 772 17 17 52
Бул бонча катышкым келди. Негизи иликтөөлөрдү жасаганга кызыгып изилдегим келет. Бирок жасай элекмин.Азыркы учурда студентмин.
Өтүнмө берип көргүлө.
Саламатсыздарбы!.
Менин томонку суроолорума жооп берип коюуунуздарды суранам:
1.Иликтоо тарыхый темада болсо да боло береби(?),б.а. совет доорунда жуз берген, документалдык куболорунун копчулугу(архивдик документтер) азыркыга чейин жашыруун сакталып жаткан бир трагедиялуу окуя жонундо(бир окуянын мисалында айыл калкы башынан откоргон оор окуялар, анын ичинде негизсиз эле себеп менен(“качууга аракет жасалды”) 127 кишинин атып олтурулушу жонундо архивдик документтердин негизинде иликтоо жургузуу).
Эгер болсо-2).Иликтоо жургузуу\аяктоо учун канча моонот каралган?. Рахмат!.
1. Берип көргүлө.
2. Болжолдуу 4-7 жума.