Menu Close

«Журналисттик иликтөөлөр фонду» эл аралык тармакка мүчө болду

Кыргызстандагы Журналисттик иликтөөлөр фонду GIJN – Глобалдык иликтөөчү журналисттердин тармагына мүчө болуп кирди. GIJN – журналисттик иликтөөлөр менен алектенген мекеме-уюмдарды өзүнө камтыган дүйнөдөгү алдыңкы биримдиктердин бири. Учурда ассоцияцияга 81 мамлекеттен 203 мекеме мүчө.

«Азаттыктын» иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду 2018-жылы 14-сентябрда түптөлгөн. Фонд Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкере кылган демилгелерди колдоо жаатында иш жүргүзөт.

Фонддун колдоосунун астында Кыргызстанда 20дан ашуун журналисттик иликтөөлөр жарыяланган. Уюм ошондой эле иликтөөчү журналисттерге жылына бир жолу ыйгарылчу Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөө сыйлыгын негиздеген. Ал жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү – 12-февралда тапшырылып турат.

Пикириңерди билдиргиле

Your email address will not be published. Required fields are marked *