БЕЛГИЛҮҮ ЖАНА ТАЖРЫЙБАЛУУ ИЛИКТӨӨЧҮ ЖУРНАЛИСТТЕРДЕН ИЛИКТӨӨ ЖУРНАЛИСТКАСЫНЫН СЫРЛАРЫН ЖАНА АР ТҮРДҮҮ ЫКМАЛАРЫН АЛГЫҢЫЗ КЕЛЕБИ? АНДА БУЛ МАСТЕР-КЛАССТАРДЫН СЕРИЯСЫ СИЗ ҮЧҮН!!!
Журналисттик иликтөөлөр фонду Кыргызстандагы белгилүү жана тажрыйбалуу иликтөөчү журналисттеринин мастер-класстарынын сериясы улантыла башталганын жарыялайт. Иликтөөчү журналисттер жеке тажрыйбасы жана журналистик иликтөө чөйрөсүндөгү билими менен бөлүшөт. Катышуучулар кызыктырган баардык суроолоруна жоопторду ала алышат жана спикерлер менен онлайн-форматта маектеше алышат.
КИМДЕР ҮЧҮН?
Мастер-классттарга Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын журналистика факультеттеринин мугалимдери, жогорку курстардын студенттери, журналисттер, жарандык активисттер жана башка кызыктар катышса болот.
КАЧАН?
Мастер-класстар 2021-жылдын 15-октябрынан тарта 10-декабрына чейин аптанын ар жума күндөрү саат 17:00 дөн 18:30га чейин онлайн форматта өткөрүлөт.
Иш тил: кыргыз тили
Мастер-класттарды төмөнкү спикерлер өткөрөт:
- Али Токтакунов, иликтөөчү-журналист, “Али Токтакунов Медиа Хабы” платформасынын негиздөөчүсү”;
- Адиль Турдкулов, жарандык иликтөөчү;
- Асель Сооронбаева, factcheck.kg сайтынын журналисти;
- Алтынай Исаева, “Медиа Полиси Институту” коомдук фондунун юристи;
- Кубат Касымбеков, “Азаттык” радиосунун журналисти;
- Сабыр Абдымомунов, Медиатренер, “Азаттык” радиосунун журналисти;
- Нурлан Адаев, Иликтөөчү-журналист Bellingcat интернет-басылмасынын стипендианты;
- Саадат Тологонова, “Кloop” медиасынын журналисти.
КАНТИП КАТЫШСА БОЛОТ?
Мастер-классттарга катышуу үчүн бул шилтеме аркылуу https://forms.gle/WgesXnPpef4afpN27 2021-жылдын 14-октябрына чейин каттоодон өтүү зарыл.
Каттоодон өткөн катышуучулар көрсөтүлгөн баардык мастер-класттардан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Катышуу акысыз. Мастер-класстардын 8 сериясына тең катышкан катышуучуларга Журналисттик иликтөөлөр фонду тарабынан электрондук сертификаттар берилет.
Суроолор боюнча долбоордун координатору Гулмира Эсенгелдиевага тел: 0700 777856 жана эл. дареги g.esengeldieva@gmail.com боюнча кайрылсаныздар болот.
Иш чара Фонд “Сорос-Кыргызстан” фондусунун колдоосу менен “Журналисттик иликтөөлөр фонду” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан “Аймактарда иликтөө журналистикасын өнүктүрүү жана күчтөндүрүү” долбоорунун алкагында өтүүдө.