Menu Close

«Журналисттик иликтөө: идея издөө, булактар менен иштөө жана фактыларды текшерүүдөн тарта жайылтууга чейин» тренингине катышуу үчүн билдирмелерди кабыл алуу мөөнөтү узартылды

«Журналисттик иликтөө: идея издөө, булактар менен иштөө жана фактыларды текшерүүдөн тарта жайылтууга чейин» тренингине катышуу үчүн билдирмелерди кабыл алуу мөөнөтү 20-июнга чейин узартылды.

Эскерте кетсек, тренинг 2019-жылдын 3-5-июлунда Ош шаарында өтөт.

Тренингдин максаты: Журналисттик иликтөөгө негиз боло ала турган коомдук маанидеги фактыларды коопсуз издөө, документештирүү, текшерүү жана медиатизациянын (жайылтуу) эл аралык стандарттары менен журналисттерди жана жарандык активисттерди тааныштыруу.

Катышуучулар тренинг маалында өздөрүнүн иликтөө идеялары боюнча тренерден жекече кеңеш алып, долбоорун иштеп чыга алат. Жана тренингдин катышуучуларынын бул долбоорлору “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен ишке ашып жаткан «Журналисттик иликтөө» фондунун чакан гранттар сынагынын алкагында каржылоого каралышы ыктымал.

Тренер: Владимир Тхорик – журналист, RISE Moldova репортер-иликтөөчүлөр ассоциациясынын орус тилдүү бөлүмүнүн редактору, Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борборунун (OCCRP) мүчөсү (тренер жөнүндө кенен маалымат алдыда).

Пикириңерди билдиргиле

Your email address will not be published. Required fields are marked *