Menu Close

“ЖУРНАЛИСТТИК ИЛИКТӨӨ: ИДЕЯ, АНЫ ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА ИЛГЕРИЛЕТҮҮ” ТРЕНИНГИ

 

Сиз журналисттик иликтөө жүргүзгүңүз келеби, бирок билимиңиз жана жөндөмүңүз жетишсизби? Анда бул тренинг сиз үчүн.

 «Журналисттик иликтөөлөр» коомдук фонду «Сорос-Кыргызстан»  фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Аймактарда иликтөө журналистикасын күчтөндүрүү жана өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Ош шаарында өтө турган “ЖУРНАЛИСТТИК ИЛИКТӨӨ: ИДЕЯ, АНЫ ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА ИЛГЕРИЛЕТҮҮ” аталышындагы 3 күндүк тренинге катышуу үчүн журналисттер арасында сынак жарыялайт.

Сиздер үчүн журналисттик иликтөө боюнча интерактивдүү сессиялар күтүп турат, анда Кыргыз Республикасынын белгилүү иликтөөчү журналисттери өз тажрыйбалары жана топтолгон билимдери менен бөлүшөт. Тренингде сиздер төмөнкү суроолорго жооп ала аласыздар:

 ✔ Журналисттик иликтөө жөнүндө эмнени билишиңиз керек?

✔ Журналисттик иликтөөнүн башка жанрлардан айырмасы эмнеде?

✔ Журналисттик иликтөөнү кантип пландаштыруу керек?

✔ Теманы табуу жана гипотезаны түзүү;

✔ Маалымат булактары менен иштөө;

✔ Жергиликтүү жана эл аралык маалымат базалары менен иштөө;

✔ Сайттардан алынган маалыматты издөө жана карталар менен иштөө үчүн кошумча издөө куралдары;

✔ Далилдерди жана фактыларды кантип чогултуу, сактоо жана колдонуу керек?

✔ Иликтене турган фактыларды текшерүү жоболору (fact checking);

✔ Журналисттик иликтөөнүн эл аралык стандарттары;

✔ Иликтөө окуяларын баяндоо: маанилүү нерселерди кантип кызыктуу кылуу керек?

✔ Кыргызстанда жана Борбор Азияда ачык маалыматтар топтому (data) менен иштөө ыкмалары;

✔ Иликтөөдө сандарды колдонуу өзгөчөлүктөрү;

✔ Иликтөө идеясын ийине келтирүү, ар бир катышуучунун идеялары боюнча жеке консультация.

Катышуучулар тренинг маалында өздөрүнүн иликтөө идеялары боюнча тренерден жекече кеңеш алып, долбоорун иштеп чыга алат жана жана тренингдин катышуучуларынын долбоорлору Журналисттик иликтөөлөр фондунун чакан гранттар сынагынын алкагында каржылоого, насаатчылык жана укуктук колдоосу каралышы ыктымал.

Тренинг 2021-жылдын 31-март, 1-2-апрель күндөрү Ош шаарында өтөт.

Тренинг кыргыз тилинде өтөт.

Тренерлер: Тренерлер 2 жергиликтүү иликтөөчү журналисттер болушат. Сессиялардын бирин эл аралык эксперт онлайн форматта өткөрөт.

Ким катыша алат?

Арыздарды Кыргызстандын бардык аймактарынан журналисттик иликтөө менен алектенген же кызыкдар болгон жана келечектеги журналисттик иликтөөлөр үчүн идеялары бар ММКнын бардык түрлөрүнүн журналисттери жолдой алышат.

Катышуучулардын саны чектелген. Тренингге катышуу мотивациясын жана келечектеги иликтөө идеясын ишенимдүү көрсөтө алган 15  журналист тандалат.

Катышуучулар үч күн аралыгында 9:00дөн 18:00гө чейин тренингге катыша алышы керек.

Тренингдин негизги шарттары:

Тренингге катышуу акысыз. Фонд катышуучуларга төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

  • Бишкек-Ош-Бишкек багытындагы аба каттамы (Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын катышуучулары үчүн);
  • 30-марттан 2-апрелге чейин Ош шаарында жатакана (Ош шаарынын жана Ош облусунун катышуучуларынан тышкары бардык катышуучулар үчүн);
  • Тренинг учурунда тамак-аш (түшкү тамак, кофе-тыныгуу, жана кечки тамак);
  • Таркатылуучу материалдар.

МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ:

  • Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынан келген катышуучулар Бишкекке жана артка кеткен транспорттук чыгымдарды өз алдынча жабышы керек.
  • Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынан келген катышуучулар Ошко жана артка кеткен транспорттук чыгымдарды өз алдынча жабышы керек.

 Тренинге кантип катталса болот?

Тренинге катышууну каалаган талапкерлер https://forms.gle/jDh6LYbE5o8eZHth8 шилтеме аркылуу онлайн кайрылуу катын толтуруусу керек.

Тренингдин катышуучулары сынактык негизде аныкталат.

Кайрылуу катын жөнөтүүнүн акыркы мөөнөтү 2021-жылдын 18-марты.  Катышуучулардын саны чектелүү. Белгиленген мөөнөттөн кеч келген кайрылуулар каралбайт.

Журналисттик иликтөөлөр фонду тандалып алынган катышуучулар менен гана байланышып тренинг боюнча тоолук маалыматты берет.

Тренинге катышууга байланышкан бардык суроолор боюнча долбоордун координатору Гүлмира Эсенгелдиевага +996 0700 777 856 телефону же  g.esengeldieva@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыз болот.

Пикириңерди билдиргиле

Your email address will not be published. Required fields are marked *