Menu Close

Ош шаарында “ЖУРНАЛИСТТИК ИЛИКТӨӨ: ИДЕЯ, АНЫ ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА ИЛГЕРИЛЕТҮҮ” тренинги ийгиликтүү жыйынтыкталды.

         2021-жылдын 31-мартынан 2-апрелине чейин Ош шаарында “Журналисттик иликтөө: идея, аны ишке ашыруу жана илгерилетүү” тренинги болуп өттү. Катышуучулар сынактын негизинде тандалып алынды. 62 талапкердин ичинен 17 журналист тандалып алынган.
3 күндүн ичинде журналисттер маалымат издөө куралдары, алынган маалыматтарды анализдөө, сүрөттөө эрежелери, сактоо ыкмалары жана далилдерди андан ары колдонуу жонундо маалымат алышты. Тренингдин ишинде практикалык да, теориялык да сессиялар отүлүп, топтордо иштөө ыкмалары колдонулду.

Тренингдин жыйынтыгында катышуучулар идея издөө, гипотезаны түзүүдон баштап, иликтөөнү жүзөгө ашыруу жана илгерилетүуго чейин, журналисттик иликтөөнүн негизги этаптары жөнүндө так түшүнүк алышты.

Тренингдин аягында катышуучулар идеяларын тактап, келечектеги иликтөөлөрдүн пландарын иштеп чыгышты.
Эл аралык эксперт онлайн форматта катышуучуларга эл аралык деңгээлдеги иликтөөнүн кандай экендигин жана кандай эл аралык стандарттар бар экендигин айтып берди, ошондой эле окуяларды баяндоо аркылуу аны кызыктуу кылуу канчалык маанилүү экендиги жөнүндө кеп-кеңештер менен бөлүштү.
Тренингдин чакырылган коногу, иликтөөчү журналист жана жарандык активист Адиль Турдукулов катышуучуларга журналисттик иликтөөнү илгерилетүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.

Тренерлер: @Нурлан Адаев – Balingcat агентствосунун программасынын стипендианты, «T-Media group» телеканалынын продюсери жана Али Токтакунов – иликтөөчү журналист, Ali Toktakunov’s MediaHub/Али Токтакунов МедиаХабынын негиздөөчүсү.

Тренинг кыргыз тилинде өттү. Тренингдин жыйынтыгында катышуучулар сертификаттарга ээ болушту. 🗞️

Тренинг Фонд “Сорос-Кыргызстан” колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Аймактарда иликтөө журналистикасын өнүктүрүү жана күчтондурүү” долбоорунун алкагында “Журналисттик иликтөөлөр фонду” тарабынан уюштурулган.

Пикириңерди билдиргиле

Your email address will not be published. Required fields are marked *