Ош шаардагы бир катар коомдук пайдалануудагы жерлер, балдар ойноочу аянттар, суу корук тилкелери, жолдордун орду жеке колдорго өтүп, ал жерлерге мыйзамсыз курулуштар курулууда. Жылдан-жылга коомдук жерлердин, сейил бактардын аянттары кыскарып баратат.
Муниципалдык менчик жөнүндөгү маалыматтар, жерлерди ижарага берүү, түз сатуу боюнча комиссиянын иши коомчулук үчүн жабык. Бул болсо коррупциялык иш-аракеттерге жол берүүдө.
Ош шаарында жерлер жеке колдорго кандайча өтүп жатканы төмөнкү макалада.
Иликтөө “Журналисттик иликтөөлөр фондусу” жактан каржыланган.