Menu Close

Журналисттик иликтөө долбоорлорун ишке ашыруу боюнча кичи гранттардын кезектеги конкурсу жарыяланды

Кичи гранттардын максаты –  Коррупциялык укуктарды бузуу жана укуктарга каршы келген көрүнүштөрдү токтотууга жана мындай фактыларды ачууну чагылыдрууга багытталган иликтөө долбоорлорун колдоо аркылуу КРдеги журналисттик иликтөө тажрыйбасын өнүктүрүү жана популяризациялоо.

Иликтөө долбоорлору журналисттик иликтөөнүн мыйзамдуу ыкмаларын жана инструменттерин колдонуу менен өлкөдөгү конкреттүү жана актуалдуу социалдык, экономикалык жана укуктук көйгөйдүн маңызына кирип аны ачууга багытталышы керек.

Иликтөө долбоорлору үчүн приоритеттүү деп саналган темалар:

  • шаарларды өнүктүрүү;
  • тоо-кен иштетүү тармагы;
  • инфраструктуралык долбоорлордогу коррупция фактыларын иликтөө;

Конкурска катышууга жөнөтүлгөн өтүнмөлөр Өтүнмөлөрдү тандоо боюнча комиссия тарабынан төмөнкү критейлирге ылайык бааланат:

  1. Журналисттик иликтөөнүн актуалдуулугу жана масштабы;
  2. Журналисттик иликтөөнү жүргүзүү жөндөмү;
  3. Долбоордун бюджетинин реалдуулугу жана негизделиши;

Ким катыша алат?

Конкурска журналисттер, уюмдар, медиа тармакта иштегендер, фрилансерлер, жарандык активисттер, блоггерлер, студенттер жана иликтөө жүргүзгөн башка адамдар катыша алышат.

Гранттын көлөмү

Өтүнмөлөр 140 000 сомдон ашпай турган суммага көрсөтүлүүгө тийиш. Бул каражат журналисттик иликтөөгө байланыштуу керектелүүчү чыгашаларга багытталат (гонорарлар, айлык акылар, жол кире, документ чогултуу, жабдыктарды ижарага алуу ж.б.)

Конкурска өтүнмөлөр кыргыз жана орус тилинде кабыл алынат. Соңку материалдар каалаган форматта болушу мүмкүн (электрондук, телерадиоберүүлөр үчүн же басма ММКлар үчүн).

Өтүнмөнүн формасы

Бюджеттин формасы

Конкурстун мөөнөтү жана байланышуу

Өтүнмөлөр grant@jif.kg электрондук дарек боюнча 2019-жылдын 15-февралы, саат 15:00гө чейин кабыл алынат. Бардык суроолор боюнча Фонддун долбоорлор координатору Гүлмира Эсенгелдиевага 0700 777-856 телефону боюнча кайрылсаңыз болот.

4 Пикир

    • ijf

      Мы уже заменили форму на исправленную, т.е. скачанная форма уже отредактирована.

Пикириңерди билдиргиле

Your email address will not be published. Required fields are marked *