Menu Close

Ноокаттагы көп жылдык арчалар кен үчүн кыйылып кетеби? Иликтөө

Ноокат районундагы токой чарбада 6500 түп көп жылдык арчалар кыйылып кетиши мүмкүн. Алардын арасында миң жылдык арчалар дагы бар. Анткени дарактар өскөн жерден чыгуучу мраморду алууга лицензия берилип, казуу иштерине даярдык жүрө баштаган.

Статистика комитетинин маалыматы боюнча акыркы 10 жылда Ош облусундагы токой чарбаларынын аянттарында өзгөрүүлөр болгон эмес. Бирок бул такыр дарактар кыйылган эмес дегенди билдирбейт. Биздин колубузга тийген сүрөттөрдө, токойлордун аянты кыскарбаганы менен суюлуп кеткенин даана көрүүгө болот. Дарактарды кыйгандын айып пулу өтө төмөн, бирок жыгачтын базардагы баасы кымбат.

Иликтөө менен бул жерден танышса болот.

Иликтөө “Журналисттик иликтөөлөр фондусу” жактан каржыланган.

Пикириңерди билдиргиле

Your email address will not be published. Required fields are marked *