Menu Close

МЫКТЫ ЖУРНАЛИСТТИК ИЛИКТӨӨ ҮЧҮН УЛАНБЕК ЭГИЗБАЕВ АТЫНДАГЫ IV СЫЙЛЫККА СЫНАК ЖАРЫЯЛАНАТ

 

Журналисттик иликтөөлөр фонду жана Кыргызстандагы Интерньюс уюму

Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылчу сыйлыкка 2021-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү үчүн сынак жарыялайт.

Сынактын максаты – медиа кызматкерлердин иликтөөчү журналистикага, ошондой эле коррупциялык схемаларды жана мыйзам бузууларды ачыкка чыгарып, аларга бөгөт коюу фактыларын чагылдырууга багытталган демилгелерге кызыгуусун арттыруу.

Сынакка журналисттик иликтөө менен алектенген журналисттердин, медиа тармагында иш алып барган уюмдардын, фрилансерлердин, жарандык активисттердин, блогерлердин, студенттердин жана башка кызыкдар тараптардын иштери кабыл алынат.

Кабыл алынган иштерди баалоодогу негизги талаптар:

  • журналисттик иликтөөнүн актуалдуулугу жана теманын масштабы;
  • автордук ыкма жана стили;
  • форматтардын жана визуалдаштыруулардын өзгөчөлүгү, ар түрдүүлүгү (мультимедиалуулугу)
  • теманын толук ачылып берилүүсү;
  • иликтөөнүн далилдүүлүгү;
  • алынган маалыматтын өзгөчөлүгү;
  • иликтөөчү журналистиканын этикалык жана кесиптик стандарттарын кармануусу.

Сынактын жыйынтыгында 2021-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсүнүн автору же авторлор тобу 100 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болуп, атайы статуэтка жана диплом менен сыйланмакчы.

Сынакка катышуу тартиби

Сынакка арыз кыргыз же орус тилдеринде берилип, анда: 

– арыз берүүчүнүн аты-жөнү;

– сыйлыкка талапкердин (талапкерлердин) аты-жөнү;

– уюмдун толук аталышы;

– сынакка берилип жаткан материалдын кыскача аннотациясы жана материалга шилтемеси болушу зарыл.

Сынакка 2021-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жарык көргөн материалдар кабыл алынат.

Бир талапкер сынакка бир нече материал көрсөтө алат. Анда берилген ар бир материалга өзүнчө арыз толтурулушу зарыл. Жарык көрбөгөн материал сынакка кабыл алынбайт.

Сынакка катышуу үчүн https://forms.gle/CVnSWRed1jSm61cv7 шилтеме аркылуу арызды толтуруу керек.  Арыздар 2022-жылдын 5-январына чейин кабыл алынат. Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген арыздар каралбайт.

Бардык суроолор боюнча Журналисттик иликтөөлөр фондунун долбоордук менеджери Гүлмира Эсенгелдиевага g.esengeldieva@gmail.com эл. дареги аркылуу кайрылууга болот.

Маанилүү нерсе! Мыкты журналисттик иликтөө үчүн Уланбек Эгизбаев атындагы IV сыйлык тапшыруу аземи 2021-жылдын  12-февралында «Чындык» иликтөөчү журналистика форумунун алкагында өтмөкчү.    

Бул иш-чара Кыргызстандагы Интерньюс өкүлчүлүгүнүн TRACK долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. «Чындык» форуму – бул журналисттик иликтөөнүн өнүгүүсүнө арналган иш-чара. Форумдун программасында панелдик талкуулар, тажрыйбалуу иликтөөчү журналисттердин, алардын ичинде чет элдик кесиптештердин лекциялары жана воркшоптору сунушталат. Журналиттик иликтөөлөр фонду форумдун өнөктөшү. 

Бул сынак  Фонд “Сорос-Кыргызстан”дын колдоосу менен «Журналисттик иликтөөлөр фонду» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан «Аймактарда иликтөө журналистикасын өнүктүрүү жана күчтөндүрүү» долбоорунун алкагында уюштурулууда.

Пикириңерди билдиргиле

Your email address will not be published. Required fields are marked *