Menu Close

Коомдук транспорт

Биздин болжолдуу эсеп боюнча айтылуу маршруткаларда күнүнө 10 млн. сом айланат. Ал эми машруттук линияларды жеке айдоочуларларга ижарага берген ортомчу компаниялар бир айда 4 млн. сом ижара чогултаарын болжолдуу эсептер көрсөтүүдө. Анда эмнеге коомдук транспорттун сапаты жакшырбайт? Адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктары, абанын булгануусуна дагы машруткалар көбүрөөк күнөөлүбү? Айтмакчы муниципиалдык транспорт чыгаша иштеп келет. Шаар мэри кептин баары керосин жана жол акыдан уурдаган айдоочуларда дейт. А балким кептин баары миллиондор каттылган тендерлерде болуп жүрбөсүн? Болбосо инвесторлордон түшкөн сунуштарга карабай эмне үчүн Бишкек мэриясы бюджеттик акчага кайрадан Кытай автобустарын сатып алууда? Коомдук транспорттун тегерегиндеги суроолорго жооп издегенге аракет кылып көрдүк.

Материал “Журанлисттик иликтөөлөр фонду” колдоосу менен даярдалды.

Пикириңерди билдиргиле

Your email address will not be published. Required fields are marked *