Menu Close

Баткенде журналисттик иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча коомдук талкуу өтөт

2021-жылдын 2-декабрь күнү Баткен шаарында Суусуз дүйнө же Баткенде бир тамчы суу канча турат? жана Суусуз калган Баткендин Ак-Сай айыл аймагы, миллиондук тендерлерди уткан депутаттар аталышындагы эки иликтөөнүн, андагы фактылардын алкагында коомдук талкуу өткөрүлөт.

Журналисттер буга чейин Баткен шаары жана облусунун суу маселесин чечүү үчүн миллиондогон тендерлер өткөнүн, бирок көйгөй азыркы убакытка чейин чечиле электегин аныкташкан. Учурда шаардыктар таза сууну камдап алганга мажбур болсо, аксайлыктар миллиондор коротулган насос станциялардын иштешин күтүп келишет.

Бул иш-чара журналисттик иликтөөлөрдү коомчулукка маалымдоо, келтирилген фактыларга жооптуу органдар менен кызыктар тараптардын ортосунда диалог түзүү жана материалдарда айтылган көйгөйлөрдү чечүү максатын көздөйт.

Коомдук талкууга Министрлер кабинетинин облустагы өкүлчүлүгү, Баткен шаардык мэриясынын өкүлдөрү, шаардык жана айылдык кеңештин депутаттары, Баткен райондук администрациясынын, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, Баткен облустук суу чарба башкармалыгы, Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти, «Баткен аймактык Таза-Суу» муниципалдык мекемесинин өкүлдөрү, активист, юристтер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышат.

Иш-чаранын уюштуруучулары: Журналисттик иликтөөлөр фонду, иликтөөчү-журналисттер Гүлжан Эшбаева жана Нурлан Адаев.

Дата: 2021-жылдын 2-декабры.

Кайсы жерде: “Алтын-Бешик” мейманканасында (Баткен шаары, Файзуллаева к., 76)

Убакыт: 9:30-12:00

Байланыш үчүн: Гүлмира Эсенгелдиева, Журналисттик иликтөөлөр фондунун долбоорунун координатору:+996700 777-856, g.esengeldieva@gmail.com

  

Материалдар «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен «Журналисттик иликтөөлөр фонду» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан «Аймактарда иликтөө журналистикасын өнүктүрүү жана күчтөндүрүү» долбоорунун алкагында иликтөөчү-журналисттер Гүлжан Эшбаева жана Нурлан Адаев тарабынан даярдалган.

Пикириңерди билдиргиле

Your email address will not be published. Required fields are marked *