Menu Close

2019-жылдын 12-февралында Бишкекте мыкты журналисттик иликтөөлөрдүн авторлоруна Уланбек Эгизбаевдин атындагы сыйлык тапшырылат

Журналисттик иликтөөлөр фонду 2018-жылдын декабрында жарыялаган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Уланбек Эгизбаевдин атындагы премияны тапшыруу аземи Бишкек гуманитардык университетинин концерттик залында өтөт.

Аны менен катар Уланбек Эгизбаевдин өрнөктүү өмүрүнө арналган фотокөргөзмөнүн ачылышы, «Улан уланат» аттуу даректүү тасманын көрсөтүлүшү пландаштырылган. Ардактуу коноктор катары Улан Эгизбаевдин ата-энесинин жана жубайынын катышуусу күтүлөт.

Премиянын негизги максаты – коррупциялык укуктарды бузуу жана укуктарга каршы келген көрүнүштөрдү токтотууга жана мындай фактыларды ачууну чагылдырууга багытталган журналисттик иликтөөлөрдү өнүктүрүү жана популяризациялоо.

БГУнун дареги: Ч.Айтматов ат. проспект, 27

Иш-чаранын убактысы: 12-февраль, 9:30.

Кошумча маалымат алуу үчүн 0700 777 856 телефону аркылуу же g.esengeldieva@gmail.com электрондук почтасы аркылуу Гүлмира Эсенгелдиевага кайрылсаңар болот.

Пикириңерди билдиргиле

Your email address will not be published. Required fields are marked *