Menu Close

Журналисттик иликтөөлөр фонду (www.jif.kg ) иликтөөчү журналисттердин мастер-классттарынын сериясынын башталышы тууралуу жарыялайт. Иликтөөчү журналисттер жеке тажрыйбалары жана иликтөөчү журналистика боюнча билимдери менен бөлүшөт. Катышуучулар спикерлер менен онлайн форматта баарлашып, баардык кызыккан суроолоруна жоопторду ала алышат. Мастер-класска катышууга журналистика факультеттеринин жогорку курстарынын студенттери, журналисттер, жарандык активисттер жана башка кызыккандар катышса болот.

Алгачкы мастер-класс 2021-жылдын 29-апрелинде саат 16:00дөн 17:30га чейин онлайн форматта өтөт.  Мастер-класс кыргыз тилинде өтөт.

Спикер: Ыдырыс Исаков – эркин иликтөөчү журналист. Уланбек Эгизбаев атындагы 2018-жылдын эң мыкты журналисттик иликтөөсү сынагынын биринчи лауреаты.

Мастер-класска төмөнкү шилтеме менен 2021-жылдын 28-апрелинин саат 18:00 чейин  катталса болот:
https://forms.gle/J2AfKBpcBBKR7gV47

Иш чара « Сорос Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Аймактарда иликтөө журналистикасын өнүктүрүү жана күчтөндүрүү” долбоорунун алкагында “Журналисттик иликтөөлөр фонду” тарабынан уюштурулууда.

 

Пикириңерди билдиргиле

Your email address will not be published. Required fields are marked *