Menu Close

Журналисттик иликтөөлөр фонду журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн чакан гранттарды алууга сынак жарыялайт

Журналисттик иликтөөлөр менен алектенген журналисттер, медиа тармагында иш алып барган уюмдар, фрилансерлер, жарандык активисттер, блоггерлер, студенттер жана дагы башка кызыкдар адамдар Журналисттик иликтөөлөр фондунан чакан грант алууга өтүнмө бере алышат. Гранттардын максаты – Кыргызстанда иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзгөндөргө каржылык, адистик жардам көрсөтүү. Гранттын өлчөмү – 70000 сом. Анын…

“Улут абийири” наамы Уланбекке берилди

“Азаттыктын” журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевге “Улут абийири” наамы ыйгарылды. Наамды ыйгаруу Бишкектеги Кино үйүндө өтүүдө. Бул сыйлыкты Интеллектуалдар альянсынын “Чеч-Дөбө” кеңеши негиздеген. Уланбек Эгизбаевге ыйгарылган сыйлыктын статуэткасы, акчалай сыйлыгы жана диплому маркумдун жакындарына тапшырылды. Бул сыйлык 2017-жылы негизделип, алгач ирет журналист Нарын Айыпка берилген. “Чеч-Дөбө” кеңешинин интеллектуалдар альянсынын 19 мүчөсү…

Иликтөөлөр колдоого алынат же “Уландын иши уланат”

Кыргызстандын өнүгүүсүнө тоскоол болуп жаткан жемкорлуктан арылуу үчүн журналисттердин иликтөөлөрүн колдоого алыш керек. Бул туурасында экс президент Роза Отунбаева “Азаттыктын” кабарчысы Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналган фонддун бет ачаарында билдирди. Аталган коомдук фонд жергиликтүү журналисттердин курч материалдарын чыгарууга колдоо көрсөтөт. Бирок жалаң эле акчалай каражат эмес, журналисттерге экспертиза жана башка…

Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду ишке киришти

“Азаттыктын” кабарчысы, иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналган фонддун бет ачары бүгүн, 14-сентябрда Бишкекте өтүп жатат. Ага журналисттер, саясатчылар, жарандык коом жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Коомдук фонддун төрагасы Айбек Турдалиевдин айтымында, уюм Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкерелөөчү демилгелерди колдоо жаатында иш жүргүзөт.…

Internews контентти өндүрүү боюнча чыгармачыл сунуштарга сынак жарыялайт

«Медиа-К» долбоору алкагында Кыргызстандагы Интерньюс контентти иштеп чыгаруу боюнча чыгармачылык сунуштар сынагын жарыялайт. Интерньюстун «Медиа-К» долбоору- бул жарнама, бизнес, медиарынокту бириктируу, ТВ-өлчөмдөрүнүн жаңы системалары жана сапаттуу атамекендик контент. Биз «санарипке» ийгиликтүү өткөндөн кийин жана Кыргызстанда көбүрөөк санда телеканалдар пайда болгондон кийин, ар бирибиздин кызыктуу, сапаттуу жана профессионалдуу телевизиондук программаларды көрө…

Уланбек Эгизбаевдин унутулгус мурасы

Кыргызстанда Уланбек Эгизбаев атындагы “Журналисттик иликтөөлөр фонду” түзүлдү. Бул уюм эми маркумдун жолун жолдогон журналисттерди колдоого алып, иликтөө жанрын өнүктүрүүгө түрткү бермекчи. Кыргыз медиа айдыңында иликтөө эми телчигип бараткан тармак. Бирок ага карабай толтура темалар казылбай, көмүскөдө калып жатат дегендер арбын. “Уландын иликтөө фабрикасы” “Азаттыктын” чыгаан журналисти Уланбек Эгизбаев каза…

Кыргызстанда Уланбек Эгизбаев атындагы фонд түзүлдү

Уланбек Эгизбаев атындагы “Журналисттик иликтөөлөр фонду” Кыргызстандын Юстиция министрлигинин расмий каттоосунан өтүп, өз ишин баштады. Коомдук фонд Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкерелөөчү демилгелерди колдоо жаатында иш жүргүзөт. Бул үчүн өлкөдөгү эң актуалдуу жана орчундуу маселелерди иликтөөнү көздөгөн долбоорлорго сынак жарыялап, аны жүргүзүүгө каржылык колдоо көрсөтөт.…