Menu Close

Коомдук фонд Кыргыз Республикасындагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкерелөөчү демилгелерди колдоо жаатында иш жүргүзөт. Бул үчүн өлкөдөгү эң актуалдуу жана орчундуу маселелерди иликтөөнү көздөгөн долбоорлорго сынак жарыялап, аны жүргүзүүгө каржылык колдоо көрсөтөт. Ошондой эле фонд журналисттик резонанстуу иликтөөлөрдүн негизинде коомдук талкууларды уюштурат.

Фонд иликтөөчү журналисттерге жылына бир жолу ыйгарылчу “Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөө сыйлыгын” негиздейт. Бул сыйлык мезгилсиз дүйнөдөн кайткан чыгаан иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналган.

Коомдук фонддун ишмердигинин ачык-айкындыгын 11 кишиден турган Байкоочу кеңеш камсыз кылат.

Байкоочу кеңештин мүчөлөрүн бул жерден көрө аласынар.

Фонддун төрагасы - Турдалиев Айбек Чыныбекович.
Фонддун төрагасы – Турдалиев Айбек Чыныбекович.

Журналисттик иликтөөлөр коомдук фонду активдүү жарандар өз ыктыяры менен берген каражаттын негизинде иш алып барат.

Уланбек Эгизбаев атындагы “Журналисттик иликтөөлөр фонду” активдүү жарандар өз ыктыяры менен берген каражаттын негизинде иш алып барат. Фонддун эсебине алгачкылардан болуп Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 1 миллион сом которду.

Жардам берүүнүн жолдору менен бул жерден тааныша аласыңар.